Жекшембиде борбордук Бамиан провинциясындагы жардырууда аскер кербендин аягындагы машинеге коюлган жасалма бомба жарылып, анда жаңы зеландиялык 3 аскер өлдү. Эки апта мурун эле 2 аскер октон көз жумган.
Бамиан провинциясында Жаңы Зеландия өлкөсүнүн 140 аскери курулуш жана калыбына келтирүү иштерин жасайт. Соңку 2 жылда бул өлкөнүн ооган жергесиндеги аскерий курамы 10 жоокерин жоготкон.
Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жон Кей жоокерлердин өлүмүнө карабастан, анын мекендештери Ооганстанда кызматын уланта берерин билдирди.