Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:44

Түштүк Американын министрлери Ассанжга баш паанек берген Эквадорду колдоду


Түштүк америкалык өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлер уюмунун (UNASUR) дүйшөмбүгө караган түнкү жыйынында кабыл алынган коммюникеде "Тараптар эки жакты тең канааттандырган чечимге жетишмейинче сүйлөшүүлөрдү улантуусу зарыл”, - деп айтылат. Бул тууралуу Франс Пресс агенттиги кабарлады.

Эквадор бейшембиде Түштүк Америкадагы өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин шашылыш жыйынын чакырып, британ бийликтеринин Лондондогу Эквадордун элчилигин дипломатиялык макамдан ажыратууга жасаган ишаратын талкуулады.

Уюмдун катышуучулары Эквадорго карата "мындай коркутуулар эч нерсеге сыйбай тургандыгын” билдиришти.

Түштүк Америкадагы өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлер уюмуна (UNASUR) континенттеги 12 мамлекет мүчө, ал эми Куба, Мексика жана Панама байкоочулар макамына ээ.

XS
SM
MD
LG