Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:57

Бабанов Кадамжайда жаңы мектептин ачылышына катышты


Ушу тушта премьер-министр Өмүрбек Бабанов Баткенде иш сапары менен жүрөт. Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Султан Каназаровдун кабарлашынча, премьер-министр Кадамжайга барып, жаңы мектепти ачты. Өкмөт башчы эртең менен Ошто болгон.

Баткенде быйыл 8 жаңы мектеп ачылат. Облустук акимчиликтин бөлүм башчысы Жамалидин Эшанкулов 230 жалпы билим берүүчү орто мектеп оңдолуп-түзөлүп буткөнүн “Азаттыкка” билдирген. Облуста жалпысынан 100 миңге чукул мектеп окуучусу, 7 миңден ашык мугалим бар. Быйылкы окуу жылына 300дөй мугалим жетишпейт. (EBM)

XS
SM
MD
LG