Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:11

Бишкекте саммит маалында коомдук коопсуздукту 2 миң милиция камсыздайт


Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, түрк тилдүү мамлекеттердин саммити учурунда коомдук тиртипти жана коопсуздукту сактоо боюнча комплекстүү план иштелип чыкты. Тартип коргоо органдарынын ишин караган оперативдүү штаб түзүлдү.

Түрк тилдүү мамлекеттердин экинчи саммити 23-августта Бишкекте өтөт. Ага Казакстан, Азербайжан, Түркия жана Түркмөнстан мамлекеттеринин президенттери келет деп күтүлүүдө.

Түрк тилдүү мамлекет башчылардын алгачкы жыйын 1992-жылы өткөрүлгөн. Түрк тилдүү мамлекеттер маданият, билим берүү багытында кызматташуу уюмдарын түзүп, өз ара алакаларын чыңдоонун үстүндө. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG