Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:32

Тез жардам унаасын сүзгөн милицияга каршы иш козголду


Бишкекте тез жардам унаасын сүзүп кеткен Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн оперативдүү кызматкерине каршы кылмыш иш козголду жана тергеп-иликтөө бүткүчө кызматынан убактылуу бошотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Шаардагы Байтик баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде 18-августта таңкы 3төрдө Мерседес үлгүсүндөгү тез жардам унаасы менен БМВ үлүсүндөгү жеңил унаа кагышкан. Жеңил унаанын айдоочусу милиция кызматкери экени жана ал мас абалында болгону маалымдалган.

Кырсыктын айынан бир дарыгердин далысы сынып, дагы бир медицина кызматкери менен мас абалындагы айдоочу жабыркаган. Жүрөгү кармап калган бейтапты шашылыш алып бараткан тез жардам унаасы керектен чыккан. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG