Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Ноокендин чек ара кыштагы түнкү мал уурулукка тынчсызданууда


Өзбекстанга чектеш Ноокен районундагы Сакалды айыл өкмөтүнүн тургуну Салимурза Жумабаев 21-августка оогон түнү Чарбак айылындагы бир нече үйлөргө кирип, уурулук кылган белгисиз адамдар ошол айылдагы бешинчи үйдүн (Ибрахим Жураев деген адамдын) бир ую менен торпогун Өзбекстандын аймагына алып кетишкендигин билдирди. Анын айтымында, чарбактыктар мал уурулукту Өзбекстандын Пахта-Абад каналында иштеген мураптардан шектенүүдө.

Сакалдылыктар байланышкан Өзбекстандын Пахта-Абад райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн башчысы уурдалган мал издештирилерин
айткан.

Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнөн “Азаттыкка” окуя көзөмөлгө алынаарын, буга дейре райондун чек ара айылдарында мал уурулугу жокко эсе болгондугун, быйыл райондогу 34 мал уурулук боюнча бир кылмыш иши гана ачылбай калганын билдиришти. (YA)

XS
SM
MD
LG