Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:42

Ысык-Көлдө чек арачы беш адамды атып салды


Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Сары-Жаз чек ара бекетинде бир жоокер беш адамды атып салды. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакуновдун “Азаттыкка” билдиришинче, анда чек ара бекеттин башчысы, дагы үч чек арачы жана дагы бир аскер кызматкеринин аялы өлдү. Ок чыгарган жоокер бекеттин башчысынын унаасын айдап алып из жашырып кеткен. Учурда издөө, окуяны иликтөө башталды. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG