Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:07

АКШнын аскер колбашчысы Ооганстанда сапарда жүрөт


Генерал Мартин Демпси Кабулда. 20-август, 2012-жыл.
Генерал Мартин Демпси Кабулда. 20-август, 2012-жыл.
АКШ армиясындагы штаб башчылардын бириккен комитетинин төрагасы Мартин Демпсинин Ооганстандагы азыркы сапары коалициялык аскерлерге каршы ооган күчтөрүнүн арасынан жасалган кол салуулар күчөгөн учурга туш келди. Акыркы эки аптага жетпеген убакытта эле мындай кол салуулардан он жоокер мерт болгон. Акыркы ирет кечээ Кандагарда ооган полициясынын формасын кийген адам коалициялык күчтөрдүн бир өкүлүн атып салган.

Генерал Демпсинин айтымында, мына ушул маселе да анын ооган бийликтери менен сүйлөшүүсүнүн темасы болот.

Мунун алдында ишемби күнү АКШнын коргоо министри Леон Панетта ооган президенти Хамид Карзай ооган күчтөрүнүн катарына кирип алып кол салгандардын аракетин алдын алуу үчүн НАТО менен кызматташтыкты чыңдоого чакырган. Быйыл өткөн сегиз айда андай чабуулдардан коалиция 40тай аскерий жоготкон.

Кээ бир учурларда мындай кол салуулар үчүн жоопкерчиликти Талибан өзүнө алып, ооган күчтөрүнүн арасына өз адамдарын киргизип жибергенин айткан. (UE)

XS
SM
MD
LG