Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:03

Чолпон-Атада Чокморов марафону өтөт


21-августта актер жана сүрөтчү маркум Сүймөнкул Чокморов атындагы кор Чолпон-Ата шаарында марафон уюштурууда. "Чолпон" кинотеатрында саат 11де башталчу ыр-күүлөр менен коштолгон иш-чарада Сүймөнкул Чокморов атындагы мемориалды курууга каражат топтолот.

Шаардыктар жана эс элуучулар Чокморовдун сүрөт көргөзмөсүн жана ал тууралуу даректүү тасманы да көрө алышат.

Бишкектин сыртында салына турган мемориалга буга чейинки марафондордон эки жарым миллион сом топтолгон, областтар ичинен Таласта баарынан көп каражат түшкөн.

Кордун жетекчиси Сагынбек Абдрахманов "Азаттыкка" мындай деди:

- Өзбекстанда «Жетинчи окту» тарткан өзбек режиcсеру Али Хамраев Ташкенде, казак акыны Муктар Шаханов Алматыда эстелик коёбуз деп жатышат. Сүймөнкулдун көзү өткөнүнө быйыл 20 жыл болуп атат. Биз арданып, эстелик тургузалы деп аракет көрүп жатабыз.

Сүйөркул Чокморов СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, СССРдин эл артисти болгон. "Караш-караш", "Жамила", "Жетинчи ок", "Мен Тьян-Шань" өңдөнгөн даңазалуу советтик фильмдерде ойногон актердун сүрөтү 2009-жылы беш миң сомдук акчанын бетине түшүрүлгөн. (JCH)

XS
SM
MD
LG