Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:18

Apple дүйнөлүк базардын тарыхындагы эң кымбат компанияга айланды


Apple Microsoft компаниясынын көрсөткүчтөрүнөн ашып, дүйнөлүк базардын тарыхындагы эң кымбат компанияга айланды. Жаңы технологияларды чыгарган Apple компаниясынын акциясы 620 миллард доллар деп бааланууда. Бул буга чейин дүйнөлүк базарда эң жогорку чекке жеткен Microsoft компаниясынын 1999-жылдагы көрсөткүчүнөн 10 миллард долларга көп.

Apple компаниясынын баалуу кагаздарынын кымбатташын iPhone 5 жана iPad (тактанын) жаңы үлгүсүнүн сатыкка даярдалышы менен байланыштурууда. Apple эми сыналгы чыгарат деген дагы кабар бар.

XS
SM
MD
LG