Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:31

Барак Обама Асадга химиялык куралдарды колдонбоону эскертти


Кошмо Штаттардын лидери дүйшөмбүдө президент Асад химиялык куралды колдонбосо, анда АКШ өз турумун өзгөртөөрүн билдирди. Эгер химиялык куралдар колдонулса, анын кесепети оор болоорун, алтургай сырттан аскерий кийлигишүүгө чейин жетип, жаңжал аймакка тарап кетээрин айтты:

-Бул бир гана Сириянын иши эмес. Бул аймактагы биздин жакын өнөктөштөрдү, анын ичинде Израилди дагы кооптондурат. Бул бизди тынчсыздантат. Химиялык же биологиялык куралдар туура эмес адамдардын колуна түшкөнүн биз карап тура албайбыз.

Сирия химиялык куралдардын запасы боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда. Асаддын өкмөтү химиялык куралдар элге каршы колдонулбай тургандыгын айтып келет.
Бирок АКШдагы тастыкталбаган маалыматтар боюнча Сирияда андай куралдарды жаңжал болуп жаткан жерлерге ташуу башталган.

Укук коргоочулардын айтымында, дүйшөмбүдө Алеппо менен Дамасктын кээ бир райондорундагы атышта жүзгө чамалуу киши набыт болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG