Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:13

Чек арачылардын өлүмү боюнча кылмыш иш козголду


Чек ара кызматындагы кандуу окуя боюнча кылмыш иш козголду. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирет. Бул кабарды "Азаттыкка" Аскер прокурорунун орун басары Данияр Эркинбаев тастыктады.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, кечээ Ысык-Көл облусунда төрт чек арачыны жана алардын биринин жубайын өлтүрдү деп шектелген аскер Кулбарак уулу Балбайды колго түшүрүү боюнча атайын операция бүгүн таңга жуук аяктады. Кулбарак уулу Балбай Ак-Суу районунун Ай-Таш капчыгайында жашынып жаткан жеринен табылган. Бирок куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн ал ошол жерден атып өлтүрүлгөнү айтылууда.

Кылмышка шектүү чек арачыны кармоо боюнча ыкчам топтун курамына чек арачылар жана жергиликтүү күч түзүм өкүлдөрү кирген.

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Эчкили-Таш чек ара бекетинде болгон кечээки окуя боюнча кылмыш ишти Балыкчы гарнизонунун аскер прокуратурасы козгоп, тергей баштады. (RK/EBM)

XS
SM
MD
LG