Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:07

"Ата Мекен" башкаруучу коалициядан чыгуу ниетин билдирди


Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы башкаруучу көпчүлүктөн чыгуу ниетин билдирди. Фракциянын жаңы эле аяктаган жыйынына катышкан "Азаттыктын" кабарчысы Заирбек Бактыбаевдин айтымында, көпчүлүк депутаттар коалициядан чыгуу керек деген пикирин айтты. Бул маселе фракциянын эртең өтө турган жыйынында дагы бир талкууланмай болду.

"Ар-Намыс", "Ата Мекен", "Республика" жана Социал-демократтар фракцияларынан турган башкаруучу коалиция былтыр 16-декабрда түзүлгөн. Ал түзгөн өкмөттүн башчысы болуп республикачы Өмүрбек Бабанов тандалган. Бирок 13-августта “Ата Мекен”, “Ар-Намыс” фракциялары өкмөттү кызматтан кетирүү маселесин колдоп чыкты. 14-августта Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын саясий кеңеши өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча эки фракциянын чечимин колдоого алганын билдирди. (ZB/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG