Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:13

Чек арада өлтүрүлгөн аскерлердин сөөгү Караколго жеткирилди


Ысык-Көл облусунда чек арада өлтүрүлгөн төрт аскердин жана алардын биринин жубайынын сөөгү Караколго алынып келди. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлайт. Тиешелүү экспертиза аяктагандан кийин жасаттар жерге берилет.

Чек ара кызматы набыт болгондордун аты-жөнүн жарыялады. Алар - Эчкили-Таш чек ара бекетинин башчысы, прапорщик Мирлан Маликов, сержант Бакыт Кадыров, ага сержант Саадатбек Токтосунов, сержант Ырысбек Калманбетов жана Бакыт Кадыровдун жубайы Нуриза Шерикбаева.

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Эчкили-Таш чек ара бекетинде болгон кечээки окуя боюнча кылмыш ишти Балыкчы гарнизонунун аскер прокуратурасы козгоп, тергей баштады.

Баш прокуратуранын маалыматына караганда, кылмыш иш Кыргызстандын кылмыш кодекесинин адам өлтүрүү, унаа тартып алуу, курал уурдоо жана аскерден качып кетүү деген төрт беренеси боюнча козголду.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, кечээ Ысык-Көл облусунда төрт чек арачыны жана алардын биринин жубайын өлтүрдү деп шектелген аскер Кулбарак уулу Балбайды колго түшүрүү боюнча атайын операция бүгүн таңга жуук аяктады. Кулбарак уулу Балбай Ак-Суу районунун Ай-Таш капчыгайында жашынып жаткан жеринен табылган. Бирок куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн ал ошол жерден атып өлтүрүлгөнү айтылууда.

Кулбарак уулу Балбай 1993-жылы туулган. Аскерге былтыр күзүндө чакырылган. (RK)

XS
SM
MD
LG