Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

22-августка карата аба ырайы


Шашылыш билдирүү
21-22-августта күндүн ысышы, кардын жана мөңгүлөрдүн тез эришине байланыштуу республиканын бийик тоолуу райондорунда мөңгүнүн эриген суусу аралаш сел жүрүшү мүмкүн.

Аба ырайы
22-августта түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Нарын облусунда жана тоолуу райондордо айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 31...36,
Талас облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 30...35,
Баткенде түнкүсүн 17...22 күндүз 32...37 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18...23 күндүз 32...37,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 12...17, чыгыш тарабында 7...12, күндүз 24...29, чыгыш тарабында 26...31,
Нарында түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз 25...30,
Тоолордо түнкүсүн -2...+3, ал эми күндүз 9...14 болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 18...20, күндүз 34...36 градус болот.

Бүгүн (21-августта) эртең менен Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 21 градус болду.

XS
SM
MD
LG