Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:48

"Ар-Намыс" коалициядан чыкты


Парламенттеги башкаруучу көпчүлүктүн мүчөсү "Ар-Намыс" фракциясы коалициядан чыкты. Мындай чечим жаңы эле аяктаган фракция жыйынында кабыл алынды.

Бүгүн эртең мененки жыйынында "Ата Мекен" фракциясы башкаруучу көпчүлүктөн чыгуу ниетин билдирген. Көпчүлүк депутаттар коалициядан чыгуу керек деген пикирин айткан. Бул маселе фракциянын эртең өтө турган жыйынында дагы бир талкууланмай болду.

"Ар-Намыс", "Ата Мекен", "Республика" жана Социал-демократтар фракцияларынан турган башкаруучу коалиция былтыр 16-декабрда түзүлгөн. Ал түзгөн өкмөттүн башчысы болуп республикачы Өмүрбек Бабанов тандалган. Бирок 13-августта “Ата Мекен”, “Ар-Намыс” фракциялары өкмөттү кызматтан кетирүү маселесин колдоп чыкты. 14-августта Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын саясий кеңеши өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча эки фракциянын чечимин колдоого алганын билдирген. (ZB/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG