Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:54

Ошто өкмөттү сындаган маалымат жыйын өттү


Бүгүн Ошто өкмөттү сындаган маалымат жыйын өттү. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Ата Мекен" партиясынын Ош облустук баштапкы уюмунун төрагасы Абдимиталип Сатыбалдиев билдирди. Пресс-конференцияга "Ата Мекен" партиясынын жана Социал-демократтар партиясынын өкүлдөрү катышып, өкмөттүн отставкасына себеп деп эсептеген жагдайлар тууралуу айтып берди.

Сатыбалдиев мамлекеттик бюджеттин киреше-чыгашасында өтө чоң айырма болуп жатканын айтып, өкмөттүн экономикалык жана социалдык реформалары натыйжасыз деген пикирин билдирди. Негизги азык-түлүккө баа кымбаттап жатканын айтты.

"Ата Мекендин" парламенттеги фракциясы өкмөттүн отставкасы боюнча маселени коюп келет.

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов өкмөт ийгиликтүү иштеп жатканын айтууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG