Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Түркиядагы жардырууда мерт болгондордун саны тогузга жетти


Түркиянын түштүк-чыгышындагы Газиантеп шаарында болгон жарылуудан буга чейин 8 киши набыт болгону кабарланган. Бүгүн эртең менен алган жаратынан 12 жаштагы кыз да жан берди. Түркиянын премьер-министринин орун басары Бесир Аталайдын билдиришинче, мерт болгондордун төртөө балдар. Жарылуудан 70 киши жараат алган, ушул тапта адардын төртөө өтө оор абалда экени айтылууда.

Жардыруу полиция участкасынын жанында болуп, бир нече машине жана автобус күйүп кетти. Түркия бийлиги терракт үчүн күрттөрдүн жумушчу партиясын айыптады. Ал эми аталган партия өз кезегинде “жардырууга тиешеси бар деген” билдирүүнү четке какты.

XS
SM
MD
LG