Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:05

Искандаров: Кыргыз-өзбек чек арасындагы алмаша турган жерлер такталууда


Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жумушчу тобу чек арадагы тактала элек аймактарды кыдырып, айрым эки өлкө алмашчу жерлерди карап чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров кабарлады. Анын айтымында, жумушчу топ Жалал-Абад менен Наманган облустарынын ортосундагы беш чектеш аймакты кыдырып чыкты:

- Азырынча кайсы аймактар экенин так айта албайбыз. Анктени алмашчу жердин өлчөмү, баасы бирдей болушу керек. Кийинки жолугушууга маселени иликтеп, материалдарды даярдоо тапшырмасы берилди. Бул маселе ошол жердеги элдин шарты, эки мамлекеттин кызыкчылыгы бирдей каралганда гана чечилет.

Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жумушчу тобунун жыйыны өткөн апта соңунда Наманганда өттү. Кийинки жолугушуу сентябрда Жалал-Абадда өтөт.

Жалпысынан Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы 1378 чакырым чек аранын 320 чакырымы толук тактала элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG