Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

Түлеевдин адвокаты Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылды


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин адвокаты Кубанычбек Ташбалатев “Азаттыкка” кабарлады. Адвокат Биринчи май райондук соттун чечимин жокко чыгарууну өтүнүүдө.

Баш прокуратура Түлеевди Бишкектин мэри болуп турганда таштанды чыгаруучу унаа сатып алууда мыйзам бузган жана шаардагы бала бакчалардын бирин мыйзамсыз сатып жиберген деп айыптаган. Ошол себептен 15-августта Жогорку Соттун чечими боюнча Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагынан үй камагына чыга турган Түлеев үйүнө бошотулган эмес. Ага чейин Түлеевге Кытайдан автобустарды алып келүү учурунда ири көлөмдөгү зыян келтирген деген айып тагылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG