Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:20

Жайкы демократия мектеби ачылат


Бүгүн Бишкекте “Жарандык билим” атуу жайкы демократиялык мектептин ачылыш аземи болот. Иш-чарага USAID өкүлчүлүгүнүн директору Кэри Гордон жана Европа Биримдигинин элчиси Шанталь Эбберехт катышат. Жайкы демократия мектеби жаштар арасында лидердик сапаттарды жана жарандык билимди арттыруу максатын көздөйт. Жаш катышуучулар өздөрүнүн иштеп чыккан социалдык долбоорлорун семинардын акыркы күнү идеялар жарманкесинде тартуулашат. Мыкты долбоорлор Жаш демилгелер фонду аркылуу колдоого алынат. 2012 жайкы демократия мектеби Эл аралык жаштар фондунун Jasa.kg программасы тарабынан ишке ашырылууда. Ага Европа Биримдиги, Бириккен Улуттар уюму жана “Сорос-Кыргызстан” фонду колдоо көрсөтүүдө. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG