Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:18

Кыргызстандагы "Аскерлердин энелери" президентке кайрылат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандагы "Аскерлердин энелери" коомдук бирикмесинин жетекчиси Галина Афонина кабарлады. Алар Эчкили-Таш чек ара бекетиндеги окуяга байланыштуу “өлкөдөгү аскер күчтөрүнө тажрыйбалуу психологдор зарыл, аскерге кызмат өтөөгө балдарды дыкат текшерип алууну талап кылабыз”, - деген мазмундагы кайрылууну бүгүн президентке жолдогону жатышат.

20-августта Ысык-Көлдөгү Эчкили-Таш чек ара бекетинде чек арачы жоокер өзү менен чогуу кызмат өтөп жаткан төрт аскерди жана биринин жубайын атып, өзү качып кеткен. Кечээ таңга жуук чек арачыны издегени чыккан топ аны Ак-Суу районунун Ай-Таш капчыгайынан тапкан. Бирок ал каршылык көрсөткөндүктөн, ошол жерден эле өлтүрүлгөнү жок кылынганы айтылган.(КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG