Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:30

Түркмөнстанда экинчи саясий партия жаралды


Эми расмий түрдө түркмөндөрдө бир партиялуу система жоюлду. Шейшембиде ишкерлер чөйрөсүнө негизделген Түркмөнстандын өндүрүшчүлөр менен ишкерлер партиясы пайда болду.

Түркмөнстандын маалымат агенттиги 300дөй делегат баш калаа Ашхабадда партиянын биринчи съездине чогулганын билдирди.

2013-жылдагы парламенттик шайлоодо эми 2 партиянын талапкерлери шайлоого катышат. Байкоочулар болсо бул кадам деле өлкөдөгү авторитардык бийликти демократиялаштырууга өбөлгө болооруна шектенүү менен карашат.

Түркмөнстан эгемендикке ээ болгондон бери мурдагы Коммунисттик партиянын негизинде түзүлгөн Демократиялык партия бийлик жүргүзүп келди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG