Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:10

Бүгүн Орусия Дүйнөлүк соода уюмуна расмий кирет


Орусия аталган уюмдун 156-мүчөсү болот. Орус бийликтеринин баамында алдыдагы 3 жылда балык, тропикалык өлкөлөрдөн келген жер-жемиш, жаңгак, таттуу-тармек, жакшы сапаттагы вино, ичимдиктер, дары-дармек, курулуш материалдары, эмерек, электроника, кийим-кече, бут кийим, косметика жана атырлар арзайдайт.

Кошмо Штаттар менен соода-сатык жүргүзүүдө 1974-жылы Конгресс киргизген Жексон-Вэниктин өзгөртүүлөрү алынмайынча Дүйнөлүк соода уюмунун нормалары менен эрежелери азырынча сакталбайт. Жексон-Вэниктин чектөөлөрү АКШга адам укуктарын бузган мамлекеттер менен соода-сатык жүргүзүүгө тыюу салган.

23-августтан тарта Орусияда Бажы союзунун бирдиктүү бажы тарифи күчүнө кирет. Четтен ташылган жаңы автоунааларга төлөмдөр 30% чейин ылдыйлайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG