Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14

Президент Асад бийликтен оппозиция менен диалог болмоюнча кетпейт


Сирияда Асаддын президенттиктен кетүүсү оппозиция менен бийликтин сүйлөшүүсү болмоюнча мүмкүн эмес. Мындай билдирүүнү Сириянын вице-премьери Кадри Жамил Москвада туруп айтты:

- Президент Башар ал-Асаддын бийликтен кетүүсү оппозиция менен тынчтык келишими тууралуу сүйлөшүү болмоюнча мүмкүн эмес. Бардык маселелерди диалог аркылуу талкуулоого болот. Биз ал тургай Асаддын бийликтен кетүүсү жөнүндө маселени талкуулоого даярбыз. Ал эми сириялыктарды канааттандырган механизмдер табылмайынча бийлиткен кетүү – ушул чыныгы демократиябы?

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сирияда улуттук ынтымакка келүүгө мүмкүнчүлүктөр бардыгын айтып, “тышкы күчтөр” оппозиция-бийликтин сүйлөшүүсүнө шарт түзүп берүүсү зарылдыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG