Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

Ажылык сапардын баасы төмөндөдү


Кыргызстанда быйылкы ажылык сапардын баасы төмөндөдү. Бул тууралуу муфтият кабарлайт. Быйыл зыярат кылууга кете турган акча 2500 доллардан 2250 долларга чейин төмөндөтүлдү. Мындай чечим муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев өткөргөн жыйында кабыл алынды.

Былтыр ажылыкка 2350 доллардан чогултулган. Быйыл 2500 доллар болот делген. Бирок муфтияттын жетекчилиги 17-июлда алмашып, эми жаңы муфтий ажылыктын наркын былтыркыга караганда 100, ал эми быйыл пландалганга караганда 250 долларга төмөндөттү.

Учактын баасы 50 долларга, ажы башчыларга деп чогултулган акча 30 долларга жана ыйык жерлерди кыдыруу, тамактануу, ички жол кире, жергиликтүү дары-дармек чыгымдарына делген акча 20 долларга кыскартылды.

Буга чейин 2500дөн төлөп койгондордун ашыкча акчасы кайра кайтарылып берилет. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG