Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:31

Бишкекке CCTS саммитине келчүлөрдүн тизмеси аныкталды


Эртең Бишкекте Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (CCTS) кезектеги, экинчи саммити өтөт. Бүгүн "Азаттыкка" Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, саммитке коноктордон бүгүн Кыргызстандагы мамлекеттик сапары башталган казак президенти Нурсултан Назарбаев, Түркия президенти Абдулла Гүл, Азербайжан премьер-министри Артур Расизаде катышмай болуп жатат. Ал эми Өзбекстанга чакыруу жиберилгени менен жооп болгон эмес. Ошондой эле Түркмөнстандан ким келээри айтылган жок.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши 2009-жылы казак президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин негизинде түзүлгөн. Жаңы уюмдун алгачкы саммити былтыр Алматыда өткөн. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG