Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

Орусия Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болду


Он жылдан ашуун убак созулган сүйлөшүүлөрдөн соң Орусия расмий түрдө Дүйнөлүк соода уюму - ДСУга 156-мүчө болуп кабыл алынды. Орусия ВТОго мүчө боло элек эң чоң өлкө болчу. Эми Орусия парламентинин эки палатасы жана өкмөт бекиткенден 30 күндөн кийин Москва ДСУнун расмий мүчөсү болуп калат.

ДСУ дүйнөлүк сооданын эрежелерин иштеп чыгат жана соода келишимдерин бекитет. Орусия ага мүчө болуп киргенине карабай, анын эрежелери Москва менен АКШ аралык соодада колдонулбайт жана эки тараптуу соода келишимдери күчүндө кала берет. Вашингтон 1974-жылы Соода мыйзамына киргизилген Жексон-Вэник түзөтүүсүн колдонууну уланта бермекчи. Бул чара жардандардын укугу бузулган өлкөлөр менен сооданы чектөөгө багытталган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG