Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:26

Казакстан: Улуттук паркта дагы бир кишинин сөөгү табылды


Алматынын жанындагы Иле-Алатау улуттук паркында өрттөлгөн тамдын урандыларынын астынан өткөн жумадагы апаат окуяда өлгөн деп боолгонгон он экинчи адамдын сөөгү табылды. Бул жөнүндө Казакстандын ички иштер министрлиги маалымдады. Бир апта мурда улуттук парктан киши колдуу болуп өлгөн 11 эркек-аялдын жасаты табылган. Алардын ичинде парктын улук кароолу, 76 жаштагы Панайот Захарпуло, анын туугандары жана токойчулар да бар. Полициянын кабарлашынча, азыр Захарпулонун жоголгон уулу изделүүдө.

Майдын аягында казак-кытай чек арасындагы бекетте 14 аскер жана бир токойчу өлтүрүлүп, алардын айрымдарынын денеси өрттөп жиберилген. Бийликтер эки окуянын бири бирине байланышы жок дешет.

XS
SM
MD
LG