Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:25

Исаев: "Биримдик" коалициясы өз ишин токтотту


Жогорку Кеңештеги башкаруучу "Биримдик" коалициясы өз ишин токтотту. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган коалициянын башчысы, "Республика" фракциясынан депутат Канатбек Исаев билдирди. Бул тууралуу расмий катын Исаев президентке жана парламент төрагасына жөнөттү.

"Ар-Намыс" жана "Ата Мекен" фракцияларынын чечимине байланыштуу "Биримдик" коалициясы көпчүлүк статусун жоготту. Андыктан коалиция өз ишин токтотту", - дейт Исаев.

Бирок премьер-министрдин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Султан Каназаров Исаевдин бул билдирүүсү мыйзамсыз деп эсептейт. Анын "Азаттыкка" айтымында, Канатбек Исаев коалициянын атынан сүйлөөгө укуксуз:

"Коалиция ага кирген фракциялардын биринин лидери тарабынан башкарылат деп келишимде жазылган. А Канатбек Исаев, өзүңөр билгендей, фракция лидери эмес", - дейт Каназаров.

Бүгүн Кыргызстанда парламенттик башкаруучу коалиция тараганы анык болду. Себеби былтыр декабрда "Ата Мекен", "Ар-Намыс", "Республика" жана Социал-демократтар фракциялары биригип түзгөн коалициядан кечээ "Ар-Намыс", бүгүн "Ата Мекен" чыгып кетти. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG