Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

23-августка карата аба ырайы


Шашылыш билдирүү
23-27-августта нөшөр жаанга байланыштуу, кардын жана мөңгүңүн тез эриши менен республиканын тоолуу жана бийик тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Аба ырайы
23-августта дээрлик жаан-чачын болбойт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 18...23, күндүз 32...37,
Талас облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 30...35,
Баткенде түнкүсүн 18...23 күндүз 32...37 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19...24 күндүз 33...38,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 11...16, чыгыш тарабында 8...13, күндүз 23...28, чыгыш тарабында 27...32,
Нарында түнкүсүн 9...14, күндүз 28...33,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 25...30,
Тоолордо түнкүсүн 0...5, ал эми күндүз 11...16 болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 20...22, күндүз 35...37 градус болот.

Бүгүн (22-августта) эртең менен Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 21 градус болду.

XS
SM
MD
LG