Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:46

Кыргызстандан алтынды мыйзамсыз алып чыгып бараткан кытай жараны кармалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Эл аралык “Манас” аэропортунун маалымат катчысы Назгүл Дүйшембиева кабарлады. Анын айтымында, кечээ 22-августта “Бишкек-Үрүмчү” каттамы аркылуу алтын куймасын мыйзамсыз алып өткөнү жаткан Кытай жараны Ванг Венчау кармалды. Авиация коопсуздук кызматы тарабынан 180 граммдык куйма алынды. Кармалган жаран жана бул факт боюнча материаллар Бажы жана тартип коргоо кызматтарына өткөрүлүп берилди.

Буга чейин 25-апрелде Кыргызстандан күмүштү мыйзамсыз алып бараткан Кытай жараны кармалган. Андан 3 куйма күмүш алынган болчу. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG