Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:18

Ангела Меркел дүйнөдөгү эң таасирдүү аялдардын тизме башында


Германиянын канцлери Ангела Меркел экинчи жылы катары менен Forbes журналы аныктаган дүйнөдөгү эң таасирдүү аялдардын тизмесинин сап башына чыкты. Басылма муну Меркелдин Евробиримдикте каржылык каатчылыкты жоюудагы активдуу ролу менен байланыштырат.

Тизмеде экинчи сапта АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтон, ага улай Бразилиянын президенти Дилма Руссефф аты аталат.

Тизмеге саясат, бизнес, медиа, коммерциялык эмес чөйрөдө ийгиликке жеткен аялдар кирет. Алардын орду тапкан маянасы же көзөмөлдүк кылган акча каражаты менен аныкталат.

XS
SM
MD
LG