Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:56

БУУнун баш катчысы Тегерандагы Кошулбагандардын саммитине катышат


Дүйнөлүк уюм билдиргендей, Пан Ги Мун кийинки аптада Тегеранда өтчү Кошулбагандардын саммитинде мүмкүнчүлүктөн колдонуп, Ирандын ядролук программасы, терроризм, Сириядагы адам укуктарын коргоо боюнча “эл аралык коомчулуктун тынчсыздануусу менен үмүтүн” билдирет.

АКШ менен Израил баш катчы Пан Ги Мунго Тегеранга барбоону сунуштады.
БУУнун маалымат катчысы Несирки мындай кайчы пикирлерге карабастан, Пан Ги Мундун Иранга сапар болоорун билдирди:

- Баш катчынын сапары тынчсызданууларга карабастан, маанилүү жана өз маалында болууда. Баш катчы ал жерде туруп, эл аралык коомчулуктун атынан иран бийликтерине дүйнө эли Тегерандан эмнени күтсө болоорун ачыктоону айтат.

Иран бул саммитке 30 өлкөнүн лидерлери, 100дөн ашуун мамлекеттердин өкүлдөрү катышаарын билдирет.

Расмий Тегеран бул жыйынды өткөрүү аркылуу Иран эл аралык коомчулуктан обочолонуп калды деген көз караштын туура эместигин көрсөтүү аракетин дагы жасайт.

Кошулбагандардын кыймылы - эл аралык аскерий блокторго биригүүгө каршы болгон курамына 120 өлкө кирген уюм. Кыргызстан аталган уюмда байкоочу өлкөлөрдүн катарында.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG