Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:48

Түрк тилдүү мамлекеттердин кийинки саммити Бакыда өтөт


Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн түрк тилдүү өлкөлөрдүн саммитинен кийин билдирди. Анда талкууланган макулдашуулар боюнча орток пикир табылганын маалымдады.

Түрк кеңешинин 1-саммити былтыр Алматыда өткөн. 1992-жылдан бери түрк тилдүү 6 мамлекеттин башчылары жыйынга чогулуп, 2009-жылы Азербайжандагы саммитте аталган кеңешти түзүүгө макулдашкан. Өзбекстан менен Түркмөнстан кеңешке кирүүдөн баш тарткан. Натыйжада Бишкек саммитине Өзбекстандан бир да өкүл келген жок.

Түрк тилдүү мамлекеттердин башчылары Бишкек шаарына ушуну менен 2-жолу чогулууда. Бишкек мындай саммитти мындан 17-жыл мурда, 1995-жылы кабыл алган. (EBM/KKs)

XS
SM
MD
LG