Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Аба ырайы


24-27-август күндөрү нөшөрлөгөн жаанга байланыштуу жана кар, мөңгүлөрдүн эришинен улам өлкөнүн тоолуу жана бийик тоолуу райондорунда сел жүрүшү ыктымал.

24-августта күндүз көпчүлүк аймактарда күн күркүрөп, жаан жаайт. Бийик тоолуу жерлерде кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +26…+31 градус; Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30 градус; Баткен облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +29…+34 градус; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +29…+34 градус; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +21…26 градус; Нарын облусунда түнкүсүн +8…13, күндүз +23…+28 градус.

Бишкекте 24-августта күндүз жаан жаап күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурда 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн +19... +21, күндүз +28... +30 градус болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 22-августта күндүз 23, ал эми 23-августта эртең менен 22 градус жылуу болду. (EBM)

XS
SM
MD
LG