Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:07

"Эйр-Бишкектин" жүргүнчүлөрү Москвадан Бишкекке уча албай турат


Бул тууралуу “Азаттыкка” өзүн Мурат Бектурганов деп тааныштырган жүргүнчү Москвадан кабарлады. Анын айтымында, алар Домодедово аба майданынан кечээ Москва убактысы боюнча күндүзгү саат 12де эле учушу керек болчу. Бирок каттам улам жылып, эмгиче чейин уча албай турат. Бектурганов аталган компаниянын өкүлдөрүн издеп таба албай, түшүндүрмө алалбай жатышканын билдирди. Бишкекке жеткенден кийин "Эйр-Бишкекти" сотко берерин кошумчалады.

“Азаттык” аталган компания менен байланышканда, учурда каттоо башталганын, рейс техникалык себептерден улам кармалып калганын маалымдашты. (EBM)

XS
SM
MD
LG