Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:29

Бадахшандыктар Дүйшөмбүгө саясий талап коюуда


Тажикстандын чыгышындагы Хорог шаарынын ортолук аянтына чогулган бир нече миң адам өкмөттөн аймактан аскерий күчтөрдү чыгарып кетүүнү жана региондун башчысы Кадыр Косимди кызматтан алууну талап кылышууда. Нарразылык акциясы шаршемби күнү Бадахшандын бейформал лидерлеринин бири Имомназар Имомназаров өз үйүндө белгисиз адамдардын кол салуусунан өлгөндөн кийин башталды. Ал 1990-жылдардагы Тажикстандагы жарандык согуш учурунда өкмөткө каршы урушкан куралдуу топтордун бирини жетектеген.

Демонстранттар Имомназаровду өлтүрүү жергиликтүү куралдуу топтор менен өкмөт ортосунда өткөн айда Хорогдо болгон кагылыштан кийин жетишилген келишимди бузду дешүүдө. Тоолуу Бадахшан облусунун коопсуздук кызматынын башчысы киши колдуу болуп өлгөндөн улам өткөрүлгөн аскерий операция маалындагы аткылашууда 70 чакты адам курман болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG