Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:12

Түрк армиясы 16 күрт согушчанды жок кылды


Түркиянын түштүгүндөгү салгылашта 16 күрт козголоңчусу жана өкмөттүк беш аскер окко учту. Ырасмий маалыматта күрт адватчылары Хакари провинциясында жолго бомба коюп, аскерлерге ок жаадырганы, андан соң жоокерлер контрчабуулга өткөнү айтылат.

Кийинки апталарда Түркиянын коопсуздук күчтөрү менен тыйуу салынган Күрт жумушчу партиясы - КЖПнын эрегишчилери арасында кагылышуулар тез-тез кайталанууда. КЖП Түркиянын күрт калктуу түштүк чыгыш аймагында автономия түзүү үчүн дээрлик 30 жылдан бери күрөшүүдө. Анын кесепетинен 40 миңден көп адам набыт болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG