Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Дамаскинин четинде катуу уруш жүрүүдө


Танктар, тикучарлар жана артиллерия колдогон Сирия армиясы өлкө борбору Дамаскинин түштүк ныптасындагы чабуулун эки күндөн бери улантууда. Бул ордо шаардын негизги бөлүгүнөн адаватчылар өткөн айда сүрүлүп ташталды дегенден берки эң катуу уруш. Шаардын сунни мусулмандары жашаган Дарая бөлүгүндө жана Кафр Сусу районунда жүрүп жаткан чабуулда ондогон адамдар набыт болгону айтылат. Оппозиция активисттери бүгүн таң эртеңки рейд маалында армия Кафр Сусуда көптөгөн адамдарды камакка алганын билдиришти.

Сириянын экинчи чоң калаасы - Алеппонун христаин калктуу үч районунун тургундары өкмөттүк аскерлер козголоңчулардын кысымынан улам артка чегингенин айтышууда.

XS
SM
MD
LG