Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:26

Бишкек мектептеринин биринде кыргыз тил класстары кыскарып жатканы айтылууда


Өзүн Таалай Орозобеков деп тааныштырган жаран Бишкек шаарындагы №52 мектепте 1-5-9-кыргыз класстары жабылганын жергиликтүү маалымат булактарынын бирине жазган. Бирок аталган мектептин директору Наталя Киферова кыргыз класстары жабылбаганын, бирок класстарда онго жетпеген гана окуучу калганын “Азаттыкка” кабарлады. Жаңы жобого ылайык, быйыл 1-класстан 9-класска чейин ар бир класста 26 окуучу, ал эми 10-11-класстарда 21 баладан кем болбошу керек.

“№52 мектепте 1-кыргыз классында сегиз, 5-9-класстарда 5тен гана окуучу бар. Ошондуктан ата-энелерге финансы маселелерине байланыштуу бул класстар жабылып калышы ыктымалдыгын гана айтканбыз. Бул маселени биз эмес, райондук каржы бөлүмү чечет. Биз бул класстарды сактап калганга аракет кылабыз”, – деди Киферова.

Аталган мектептин ар бир классында 3 орус, 1 кыргыз класс бар. Бишкекте көпчүлүк ата-энелер балдарын орус класска берүүнү туура көрөт. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG