Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

Азыркы өкмөт жаңы министрлер кабинети түзүлгүчө иштейт


Бул тууралуу премьер-министр Өмүрбек Бабанов 23-августта жаңы окуу жылга даярдык, түрк насыясынын эсебинен ишке ашчу долбоорлор жана башка маселелерди талкуулаган жыйында билдирди. Анын айтымында, жаңы түзүлө турган өкмөт башталган реформаларды эске алып, азыр иштеп жаткан министрлер аны аягына чыгарганга мүмкүнчүлүк алышы керек.

22-августта “Биримдик” коалициясы өз ишин токтотконун коалициянын башчысы, "Республика" фракциясынын депутаты Канатбек Исаев жарыялады. Былтыр декабрда "Ата Мекен", "Ар-Намыс", "Республика" жана Социал-демократтар фракциялары биригип түзгөн коалициядан эки күн мурда "Ар-Намыс", "Ата Мекен" чыгып кеткен.

“Өкмөт жөнүндө” мыйзамга ылайык, президент үч күндөн кечиктирбей жаңы коалиция түзүү мандатын Жогорку Кеңештеги фракциялардын бирине бериш керек. Коалиция 15 жумушчу күндүн ичинде түзүлүп, өкмөт башчыны сунушташы шарт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG