Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:32

Москвада сот оппозиционер Гарри Каспаров боюнча чечим чыгарат


Оппозициялык активист, дүйнөгө таанылган шахматчыга Москвада мыйзамсыз акция уюшутурган деп айып тагылууда. Ал үчүн 30 миң рубл айып пул тартышы мүмкүн.
Орусиядагы оппозициялык Тилектештик кыймылынын тең төрагасы, шахмат боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону Гарри Каспаров "Батыш менен орусиялыктарды каратып туруп Путиндин режими Лукашенконун жолуна тездик менен түшүп баратат. Pussy Riot тобунун кыздарына чыккан өкүм Путиндин башкаруусундагы Орусия цивилизациялуу мыйзам чегинен чыкканын көрсөтөт" - деп билдирди.

Каспаров 17-августта Москванын Хамовническ сотунун алдында Pussy Riot тобунун кыздарына өкүм чыккан күнү кармалган. Ал күнү камактагы кыздарды колдоп келген жүздөгөн адамдардын 50дөн ашууну кармалган.

Полиция Каспаровду кармап жатканда ОМОНдун кызматкерин тиштеп алды деп даттанган. Учурда Тергөө комитети Каспаров бийлик өкүлүнө каршы күч колдонгонун териштирүүдө. Каспаров болсо полиция жалган жалаа жабууда деп, кармалгандан кийин токмок жегенин айтууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG