Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Чек арадагы каргашанын болжолдуу себеби


Элнура Кадырова, 20-августта окко учкан сержанттардын бири Бакыт Кадыровдун эжеси. Ак-Суу району, 22-август, 2012.
Элнура Кадырова, 20-августта окко учкан сержанттардын бири Бакыт Кадыровдун эжеси. Ак-Суу району, 22-август, 2012.

УКМКнын Чек ара аскерлиги Ысык-Көлдөгү “Эчкили-Таш” бекетиндеги кандуу окуянын болжолдуу себебин жарыялады.

Чек ара аскерлиги Эчкили-Таштагы окуядан үч күн өткөн соң окуянын болжолдуу себебин жарыя кылды. Бул мекеменин маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, кандуу окуя катардагы жоокер менен айрым сержанттардын арасындагы пикир келишпестиктен улам келип чыккан:

- Атайын жүргүзүлгөн кызматтык териштирүү жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнөн соңку болжолдуу жыйынтыкка ылайык, ок чыгарган Балбай Кулбарак уулунун чек ара бекетиндеги келишимдик негизде кызмат өтөгөн айрым сержанттар менен тил табышпай, чатак мамиледе болгонунан улам кандуу окуя жүз берген. Бул болжолдуу, алдын-ала алынган гана версия. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, ал иш аяктаган соң тагыраак маалымат алабыз.

Ошентип бул кандуу окуя болгондон бери эле коомчулукта буга бекеттеги уставдык эмес мамиле, тартипсиздик себеп болушу мүмкүн деген божомолдорду чек ара аскерлери алдын-ала болсо да тастыктагандай болду.

Ошол эле учурда кылмышка шектүү жоокер өз кызматташтарына мурдатан эле тиш кайрып келгенин каза болгон сержанттардын бири Бакыт Кадыровдун эжеси Элнура Кадырова “Азаттыктын”кабарчысына мындайча айтып берген эле:

- Ал бала мурдатан жөндөн-жөн эле “булар менин жиниме тийип жатат, буларды ит аткандай атып саламын” деп айтып жүрчү экен. Менин иним болсо бирөөнүн жиние тие турган же мыкаачылык кылчудай адам эмес болчу. Анан кандайча булардын баарын атты, түшүнө албай жатабыз.

Элнура Кадырова беш адамдын канына забын болгон жоокердин психикалык саламаттагы да жайында эмес болчу деген кептер айтылып жатканын да кошумчалады.

Бирок чек ара аскерлигинин маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, аталган жоокердин психикалык саламаттыгы жайында эле болгон.

Анткен менен каза болгон сержанттардын бири Саадатбек Токтосуновдун жесири, кандуу окуяга күбө болгон Гүлзар Бейшекеева кылмышка шектелген аскер менен сержанттар ортосунда начар мамилени мурда-кийин байкаган эмес:

- Баары эле жакшынакай эле жүрүшкөн болчу. Балбай абдан эле элпек бала болчу. Чек ара бекеттин башчысы баш болуп сержанттардын баары ага боор ооруп, ушул бала арыктап кетти, жумушка аз чыгаргылачы деп калышчу. Анан эмне болуп, ушундай болуп кетти билбейм?.. Ошол күнү эртең менен 6.30дарда мылтыктын үнү чыкты. Чала-була кийинип эле эшикке чыксам, ары жактан үйүнөн чыгып келе жаткан Ырысбек абаны атып салды. Андан соң чек ара бекеттин башчысын атты. Анын мээси чачырап кетти. Анан бизди колу-бутубузду скотч менен байлап, курал сактаган кампага камап салды.

Ошол эле учурда бул коомчулукта кылмышка шектүүнү тирүү кармоого эч ылаажы болгон жокпу деген суроо талкууга алынууда. Маселен УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов чек ара аскерлери, милиция жана УКМКнын кызматкерлери биргелешип өткөргөн операция кылдаттык менен жүргүзүлгөн эмес деген пикирде:

- Кандай болгон күндө да ал жоокерди тирүү кармап, окуя кандай болуп өткөнүн, ага эмне себеп болгонун, мотивдер кандай болгонун өз оозунан угууга аракет кылыш керек болчу. Ал үчүн мындай операцияларда аны курчоого алып туруп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш керек болчу. Жакындарын алып барыш керек болчу. Анан айла кетсе, колго-бутка атып тирүү колго түшүрүш керек эле да.

Коомчулуктагы мындай дооматтарга чек ара аскерлигинин маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева тирүү колго түшүрүү мүмкүн эмес болчу деген жообун берүүдө:

- Бул аскер 5 адамды өлтүргөн соң ал башкаларды өлтүргөндөн деле кайра тартпайт болчу. Ошондуктан башкалардын өмүрүнө коркунуч келтиргенде акыркы амал катары ушундай чечим кабыл алдык. Анын огу түгөндүбү же жокпу, атабы атпайбы деп күтүп отурууга убакыт жок болчу. Эгер ошентип жатып дагы бир өмүр кыйылса, анда биздин жоокерчиликтеги иш болмок. Анын үстүнө ал жашынган аймакта жөнөкөй жарандар да көп болчу.

Кандуу окуя боюнча Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгогон. Чек арадагы атышуу маалында качып кеткен үч аскер сурак берүүдө. Алдын ала маалыматтарга ылайык, тергөө эки айга чейин созулушу мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG