Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

Акыйкатчы: №52 мектепте директор кыргызча окугандарды кемсинтип жатат


Бишкекте №52 орто мектептин директору кыргызча окугандарды кемсинтип жатат деген даттануу менен ата-энелер келип кайрылганын бүгүн акыйкатчынын маалымат кызматы кабарлады. 27 ата-эне акыйкатчыга арызданып, директор алардын балдары окуган кыргыз класстарда иш-чараларды мамлекеттик тилде өткөрүүгө тыюу салып жатканын айткан. Ошондой эле жыл сайын ар бир окуучу үчүн төрт миң сомдон алаарын, ай сайын кароолчуга 600 сом, пол жууганга 100 сомдон чогултаарын да билдирген.

Мектептин директору Наталья Кизерева да, Билим берүү жана илим министрлиги да азырынча бул маселе боюнча комментарий бере элек.

Бирок ата-энелердин акыйкатчыга жазган катында министрдин былтыр кол койгон №381/1 буйругу тууралуу айтылат. Анда эгер шаардагы мектепте кыргыз класста окуучунун саны 26га жетпесе, андай класстар жоюулушу керек деп жазылган дешүүдө.(RK)

XS
SM
MD
LG