Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:05

25-августка карата аба ырайы


Шашылыш билдирүү
24-27-августта нөшөр жаанга байланыштуу, кардын жана мөңгүңүн тез эриши менен республиканын тоолуу жана бийик тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Аба ырайы
25-августта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында жана тоолуу райондордо айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу жерлерде кар түшөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 27...32,
Талас облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 25...30,
Баткенде түнкүсүн 15...20 күндүз 28...33 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15...20 күндүз 29...34,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 10...15, чыгыш тарабында 6...11, күндүз 20...25, чыгыш тарабында 21...26,
Нарында түнкүсүн 6...11, күндүз 21...26,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 20...25,
Тоолордо түнкүсүн -2...+3, ал эми күндүз 7...12 болот.

Бишкекте түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап күн күркүрөйт, күндүз дээрлик жаан-чачын болбойт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден түнкүсүн 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн17...19, күндүз 30...32 градус болот.

Бүгүн (24-августта) эртең менен Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 22 градус болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG