Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:06

"Ата Мекен" - Ош: Текебаевди коргоп кала алабыз


Бүгүн Ошто "Ата Мекен" партиясын жана анын лидери Өмүрбек Текебаевди жактаган маалымат жыйын өттү. Ага "Өчпөс от", "Март элдик революциясы" коомдук кыймылдарынын өкүлдөрү, "Ата Мекен" партиясынын Оштогу бөлүмүнүн жана жаштар канатынын лидерлери катышты.

"Ата Мекен" партиясынын Ош облустук баштапкы уюмунун төрагасы Абдимиталип Сатыбалдиевдин "Азаттыкка" айтымында, анда Өмүрбек Текебаевди жана партияны каралоону, коркутуп-үркүтүүнү токтотуу талабы коюлду.

"Бишкекте өткөн маалымат жыйынында "Мекен шейиттеринин" өкүлдөрү эгер Текебаевге карата кылмыш иш козголбосо биз аны өзүбүз жазалайбыз дептир. Токтайым Үмөталиева, Жылдыз Жолдошева да асылыптыр. Мындай каралоо токтосун. Биз "Ата Мекенди" коргоп кала алабыз. Эгер токтобосо тиешелүү чара көрөбүз", - деди Сатыбалдиев.

Соңку бир айдан бери "Ата Мекен" партиясы өкмөттү, премьер-министр Өмүрбек Бабановду катуу сындап, натыйжада парламенттеги башкаруучу коалиция тарады, президент өкмөттү кетирди.

Өкмөттүн маалымат кызматы министрлер кабинетине жана жеке премьерге карата чабуул атайын уюштурулганын айтып келет. Өмүрбек Бабанов эл менен жолугушуулардын биринде аны сындагандарга жообу даяр экенин билдирген.(RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG