Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:45

Бишкекте электр зымдар жаңыртылып жатат


Бишкекте электр жабдуусун жакшыртуу уланууда. Бүгүн эски зымдарды жаңыга алмаштыруу ишинин жүрүшү менен энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Аскарбек Шадиев жеринен таанышты. Ушу тапта электриктер Профсоюз, Патрис Лумумба жана Каракум көчөлөрүндө иштеп жатат. Бул жерде жалпы узундугу эки чакырым зым жаңыртылат. Буга чейин эң көйгөйлүү деп эсептелген башка көчөлөрдө төрт чакырымдан ашуун зым алмаштырылган.

Бишкекте жана айрыкча жаңы конуштарда электр жарыгы менен камсыз кылууда көйгөйлөр көп экени өткөн кышта анык болду. Себеби өтө суук күндөрү элдин көпчүлүгү электр жылыткыч сайгандыктан айрым көчөлөрдө жарык бир нече күндөп жок болгон. Нааразы тургундар көчөгө чыккан.

Энергетика тармагын тейлеген мекеме жетекчилери мунун себеби Бишкектеги электр зымдар совет мезгилинен бери жаңыртылбай, алар калктын жана үйлөрдүн ошол кездеги санына гана эсептелип тартылганында, азыр эл да көбөйүп, жаңы имараттар да күндө пайда болуп жаткандыктан күчү жетпей калганында деп айтууда.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалымат кызматынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, Аскарбек Шадиев баардык пландалган иш өз убагында бүтүрүлүшүн, кышка даярдык камсыз болушун талап кылды.

“Бишкек шаарынын локалдык тармагын оңдоо жана электр бөлүштүргүч тармактагы эффективдүүлүктү жогорулатуу” инвестициялык долбоор 2014-жылы аяктайт. 35 киловольттук зымдан 11 чакырым, 6-10 киловольттуктан 76 чакырым жаңыртылат. (RK)

XS
SM
MD
LG