Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:10

Баткен: Айымдар шайлоого камданууда


Кызыл-Кыя шаарында эл аралык уюмдардын колдоосу менен ушул күздө өтчү жергиликтүү кеңештерге шайлоого аттана турган айымдарды окутуу жүрүп жатат.

“Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюму уюштурган бул тренингге Баткендин ар кайсы аймактарынан келген 20 аял катышууда. Алар негизинен Социал-демократтар партиясынын, “Замандаш-Современник”, “Ата Мекен”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Республика” партияларынын мүчөлөрү.

Аймактагы кабарчыбыздын айтымында, үч күнгө созулган даярдоодо аймактарды өнүктүрүүгө, жергиликтүү бийликте аялдардын санын арттыруу менен активдүүлүктү күчөтүп, лидерликке багыттар берилет.

Кыргызстанда шайлоочулардын 50,6 пайызын аялдар түзөт. (JsA/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG