Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:32

Өкмөт курамы кызматтан кетти


Өмүрбек Бабанов баштаган өкмөт мүчөлөрү, 13-июль, 2012.
Өмүрбек Бабанов баштаган өкмөт мүчөлөрү, 13-июль, 2012.

24-августта президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн отставкасын кабыл алып, коалициялык өкмөттүн курамы толугу менен кызматтан кетти.

Мыйзамга ылайык, былтыркы жыл соңунда куралган Өмүрбек Бабановдун министрлер кабинети жаңы өкмөт куралганча өз милдетин өтөп турат. Эми жумурай журт президент коалиция түзүү боюнча мандатты парламенттеги кайсы фракцияга тапшыраарына кулак түрүп калды. Жогорку Кеңештеги ар бир фракция мындай миссия бизге тапшырылабы деп сак-сактап турат.

Мыйзам боюнча президент мындай милдетти өзү тандаган фракцияга үч жумушчу күндүн ичинде тапшырышы керек. Бул мөөнөт эмки жуманын дүйшөмбү күнү аяктайт.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарымбаевдин айтымында, президент дүйшөмбү күнү бир фракцияга токтолушу мүмкүн:

- Азырынча дүйшөмбүгө чейин убакыт бар. Ошонун негизинде президент парламенттеги фракциялардын бирине бул мандатты тапшырат. Ага чейин консультациялар, сүйлөшүүлөр болуп жатат.

Кийинкиси ким болот?

Ал ортодо парламенттеги фракциялар жаңы коалицияны түзүү боюнча ар кандай форматтагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун айтымында, азыр болочоктогу коалицияны, өкмөттү болжоп болбойт. Себеби бардык фракциялар коалицияга кирүүгө жана өкмөттү куроого катуу кызыкдар:

- Азыр бардык фракциялардын ортосунда сүйлөшүүлөр болуп жатат. Кандай форматта, кандай курамда коалиция болоорун азыр так кесе айтуу мүмкүн эмес. Ошентсе да кайсы бир программанын негизинде белгилүү максатты көздөй турган фракциялар ортосунда биригүү болсо жеңил кетет деп ойлоп жатабыз.

Турсунбеков айтмакчы, бир максатты көздөгөн деген коалициянын өзөгүн Социал-демократтар, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциялары түзөөрү болжонуп жатат. Буга чейин оппозицияда болуп келген “Ата-Журт” фракциясынын да коалицияга кирүү үмүтү бар.

Ал эми Өмүрбек Бабановдун “Республика” фракциясы оппозицияга кетүүгө камынып калган сыягы бардай.

Фракция лидеринин орун басары Курманбек Дыйканбаев мындай дейт:

- Биздин фракциянын жарымынан көбү оппозицияда калууга даяр болуп жатат. Биз элге кызмат кылабыз деген сөздөрүбүз формалдуу болбош үчүн аны тазалоо керек. Биз коалицияга кирсек да, кирбесек да апрель окуялары учурунда уурдалган акчаларды териштирип, аягына чыгарууну көздөп жатабыз. Эгер буга жол бербесе оппозицияга кетебиз.

Эми алдыда кандай өкмөт куралат деген эң татаал маселе бар. Бир катар саясатчылар партиялык мүнөздө эмес, эл ишениминдеги өкмөт түзүү зарыл деп жатышат. Ал деген кайсы бир партияга таандыгына жараша эмес, кесипкөйлүгүнө жана иш репутациясынын тазалыгына жараша куроо дегенди билдирет.

Саясий серепчи Марс Сариев да мына ушундай багытты жактагандардын бири:

- Мурункудай бул кызматты сен ал, муну мен алайын деп жиликтеп бөлүп алуу схемасы менен азыр париеттик түрдө өкмөт түзүү болбойт. Себеби өлкөдөгү абал абдан эле начар. Мындай жол менен кийинки коалиция деле көпкө узабайт. Ошондуктан бардык адискөйлөрдү чакырып, кеңири өкмөт түзүүгө аракет кылыш керек.

Өлкөдөгү мыйзамдарга ылайык, президент коалиция түзүү боюнча мандат берген күндөн тарта 15 жумушчу күндөн кечикпестен жаңы коалициянын курамы аныкталууга тийиш. Кыскасы күз башы өлкөдө жаңы өкмөт түзүү түйшүгү менен башталганы калды.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG